http://ktrk.kg/Төө-Ашуу туннелин оңдоп-жаңылоо иштери 30-сентябрда аяктайт

Төө-Ашуу туннелин оңдоп-жаңылоо иштери 30-сентябрда аяктайт

26 Сент 2018 , 11:29 1002

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош авто жолундагы Төө-Ашуу туннелин оңдоп-жаңылоо иштери 30-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Бишкек-Ош мамлекеттик автожол дирекциясынан маалымдашты. 2018-жылдын 18-сентябрынан бери Кусейин Кѳлбаев атындагы туннелинде  желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын туннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлүүдѳ. 

Профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча чечим Чүй областтык жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ мамлекеттик башкармалыгы жана Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясы менен биргеликте кабыл алынган. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"


Новости по дате