http://ktrk.kg/Бишкек жылуулук тармактар ишканасы кыш мезгилине болгон даярдыкты аяктап калды

Бишкек жылуулук тармактар ишканасы кыш мезгилине болгон даярдыкты аяктап калды

28 Сент 2018 , 17:52 4626

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук тармактар ишканасы кыш мезгилине болгон даярдыкты аяктап калды. Быйылкы жылга пландалган ремонт иштери бүтүп, эми жылуулукка жана ысык сууга төлөмдөрдү өндүрүүнү колго алышты.

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы - жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү авиажолу аркылуу ташыган ири компания. Бирок компаниянын кеңсеси жайгашкан имаратта эмнегедир жыл башынан бери жылуулукка жана ысык сууга төлөмдөрү 120 миң сомдон ашып кеткен. Мамлекеттик мекеме болгонуна карабай, быйылкы кышта жылуулук берилбейт.

Жылуулукка карыз болгон бюджеттик мекемелер, өнөр-жай объектилери жана башка керектөөчүлөрдүн карызы 1-сентябрга карата 181 млн сомдон ашат. Анын ичинен чоң суммадагы карызы бар колдонуучуларды атай кетели:

1. Улуттук хирургия борбору 2 млн 694, 409
2. “Учкун” ААК 1 млн 300
3. "Бета Иншаат" ЖАК 748 миң 473
4. "СААБ Строй" ЖЧК 214 миң 976
5. "АРЕКС Строй" ЖЧК 1 млн 43 миң 84

Мунун ичинен Бишкек шаарындагы тургундардын жылуулукка болгон карызы 119 млн сомдон ашат. Аларга алдын ала эскертүү беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жылуулук тармактар ишканасы эч кандай жыйынтык чыгарбаган жашоочулардын жылуулук берүүчү түтүктөрүн ажыратышты.

“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы абоненттерден карыз акчаларын төлөөнү суранууда. Анткени кыш улам жакындагын сайын, ири карыздардан улам ишкана каражат жагынан аксап, кээ бир жердеги суу түтүкчөлөрүн оңдоо жумуштары да кармалып калышы ыктымал.



Новости по дате