http://ktrk.kg/Кыргызстанда кышка камылга көрүү кызыды

Кыргызстанда кышка камылга көрүү кызыды

30 Сент 2018 , 16:41 4627

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баарыбызды өткөн кыштагы 30 градуска жеткен суук, кыш чилдесинде Бишкек жылуулук электр борборунда орун алган кырсык коркутту, андыктан кышка эртелеп даярдык көрүп, ар кандай чукул кырдаалдарды алдын албаса, кесепети кыйын болорун көрдүк.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында калкты көмүр менен камсыз кылуу, ири шаарларда жылуулук электр борборлорунун кемчиликсиз иштешин текшерип, кышкы маалда алардын үзгүлтүксүз иштешине шарт түзүү жумуштары жүрүп жатат. Дагы бир маселе- кышында отун сууга болгон бааларды бир калыпта кармап туруу өкмөт үчүн маанилүү тапшырмалардан. Анткени көмүр жетишсиздиги башталганда эле ортомчулар анын баасын эки үч эселеп көтөрүп жибермей адаты бар. Айрыкча алыскы аймактарда.

Бирок мында башкы маселе - бааларды бир калыпта кармап туруу эмес. Карапайым калк көмүрдөн тартып көңгө чейинки отун суусун эртелеп эле түшүрүп алышса. Калп айткан менен болобу, бизде акыр аягына чейин созуп, качан гана суук түшүп, отун сууга жетишсиздик башталганда анан “чуркап” калмай адатыбыз бар. 

Бир айдан бери аба ырайы туруктуу болуп, гидромет алдыдагы күндөрү да күн жылуу болорун кабарлап жатат. Мына ушундай учурда кышка камылга көрүп, отун суу алуу менен бирге үйлөрдү да жылуулап алалы. 


Новости по дате