http://ktrk.kg/Кийинки жылдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт

Кийинки жылдан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт

2 Окт 2018 , 3:25 2926

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каттоо кызматы 2019-жылдын экинчи жарымынан тартып жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берип баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк жогорку сапаттагы пластиктен жасалган. Айдоочу тууралуу маалымат лазер менен жазылып, аны кайра оңдоого мүмкүн болбойт. Колдонуу мөөнөтү 10 жылга пландалууда.

Мындан сырткары, унааларга пластик карт сыяктуу жаңы техникалык паспорттор жүгүртүүгө чыгарылат.

Новости по дате