http://ktrk.kg/Кыргызстан балдар мекемелеринде реформа жүргүзүүдө Молдованын тажрыйбасын үйрөнүп жатат

Кыргызстан балдар мекемелеринде реформа жүргүзүүдө Молдованын тажрыйбасын үйрөнүп жатат

8 Окт 2018 , 16:36 1842

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан балдар мекемелеринде реформа жүргүзүүдө Молдованын тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Бул маселени Молдованын парламент өкүлдөрү кыргыз тарап менен Жогорку Кеңеште талкуулашты.

Балдар үйлөрүн кыскартып, бул мекемелерде тарбияланган балдардын жаңы үй-бүлөлүү болушунда Молдова Кыргызстанга жакшы үлгү көрсөтүүдө. Бул багытта жасалган реформанын жыйынтыгында, 12 жылдын ичинде Молдовада балдар үйлөрүнүн саны кескин түрдө кыскарган. 

Бул өлкөдө балдардын укугун коргоо боюнча комплекстүү иштер аткарылган. Жаңы мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизилип, жөлөк пулдун өлчөмү көбөйтүлгөн. Жыйынтыгында, 67 балдар үйүнөн 14 гана калган. Ал эми балдардын өлүмү үч эсеге кыскарган. 

Кыргызстанга да дал ушундай тажрыйба керек болуп турат дешет серепчилер. Реформага карай алгачкы кадамдар жасала баштады. Бул багыттагы жумушту аткаруу үчүн Президенттик Аппараттын алдында атайын эксперттик жумушчу топ түзүлдү. 

Балдардын үй-бүлө куруп кетиши үчүн шарт түзүп берүү маселеси - мамлекеттин маанилүү жумуштарынын тизмесинде турат. Мындай оюн Президент жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолукканда айткан. Өлкө башчысы сөздөн ишке өтүп, бул багытта жасала турган жумуштар тууралуу “Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова менен сүйлөшкөн. 

Азыр Кыргызстанда 145 балдар үйү бар. Бул мекемелерде 12 миң бала тарбияланат. Алардын 5 пайызы гана томолой жетимдер. 

Ар бир бала бактылуу балалык доорун сүргөнгө, сапаттуу жашоого жана жаркын келечектин ээси болууга укуктуу. Бул тармакта реформа жүргүзүү азыр Кыргызстанга абадай керек болуп турат дешет серепчилер. 


Новости по дате