http://ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектин Ак-Ордо 2 конушунда электр зымдары тургундарга кооптуу болууда

Элдик репортер: Бишкектин Ак-Ордо 2 конушунда электр зымдары тургундарга кооптуу болууда

23 Окт 2018 , 4:21 273

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандыктар Коомдук биринчи каналдын "Элдик репортер" рубрикасы элдин күнүмдүк тиричиликте кезиктирген көйгөйлөрү менен тынбай бөлүшүүдө. Редакцияга келип түшкөн фото жана видеоматериалдардын арасынан элге кызык деп тандалып алган материалдардын түрмөгү менен таанышып алыңыздар.

Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын жашоочулары үчүн бул жолдон өтүү өзүнчө бир чоң сыноо деп койсо болот. Анткени, жолдо баштан аяк мына ушундай чаң асманга сапырылган көрүнүш. Бул жолду аймактагы алтын казган компания дагы колдонорун айткан айыл тургуну 15 миңдей калкы бар айылдын жолуна такыр көңүл бурулбайт деп нааразы. Көп жылдан бери жол азабын тартып келген жашоочулар айыл элинин жол маселесин чечип берүүнү суранган. 

Бул тасманы Кызыл-Кыя шаарындагы өткөрмө бекетинен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тартып жөнөткөн. Автордун айтымында, цемент менен таш ташыган айдоочулар өткөрмө бекеттен өтө албай, 4-5 күндөп кезек күткөнгө мажбур болууда. Күнүнө эң көп дегенде 10 унаа өткөрүлүүдө деген тасманын автору эч кандай шарттар каралбаган жерде айдоочулар азап чегүүдө деп капаланган. Ал тиешелүү органдардан бул маселени жөнгө салууну өтүнгөн.

Ордо калаадагы Ак-Ордо 2 конушунун жашоочулары электр жарык маселесин өздөрү эптеп чечип алуу менен алек. Бирок, алардын бул аракети бир четинен мыйзамсыз болсо, экинчиден кооптуу болууда. Тасманын авторунун айтымында, учурда конуш жашоочулары электр түркүктөрү жок болгонуна карабастан, электр чубалгыларын тартып алып, ток өткөн зымдар азыр жерде ачык эле жатат. Буга кооптонгон шаар тургуну тиешелүү органдар конуштун жарык көйгөйүнө көңүл бурса деп тынчсызданган.

Жалал-Абад облусунун Тоскоол-Ата токой чарбасындагы Кара-Буура участкасында жашагандарга берилген электр жарыгынын кубаттуулугу чырактыкындай эле. Жашоочулар телевизор, муздаткыч, үтүк деген эмне экенин эчак эле унутушуптур. Кейиштүү видеосу менен бөлүшкөн айыл тургунунун айтымында, элдин бул көйгөйүн чечип, бактылуу күндү баштан өткөргөнгө кадимки эле трансформатор жетпей жатыптыр. Айыл өкмөт кубаттуулугу жогору трансформатор коюп берсе жакшы болмок деп суранган. 



Новости по дате