http://ktrk.kg/Элдик репортер: Кара-Алма айыл өкмөтүндөгү мектептин курулушу качан бүтөт?

Элдик репортер: Кара-Алма айыл өкмөтүндөгү мектептин курулушу качан бүтөт?

24 Окт 2018 , 6:21 171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHTКурулуш иштери орто жолдо калган дагы бир мекеме бул Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүндөгү мектеп. Мектептин  курулушу мындан 5 жыл мурун башталган. Алгач эки кабаттуу болот деген имараттын курулушу кийин бир кабатка түшүп, ал тургай чатыры жапыз дагы жабылган. 

Бизге маалымат жөнөткөн айыл тургунунун айтымында аталган айыл тоолуу жер болгондуктан, бул жерге түшкөн  кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетет.  Ал эми мектептин бийиктиги ал жердин катаал шартына ылайыктуу эмес. Кийин бүтсө дагы, чатыры көтөрө албай калышы мүмкүн. Анын үстүнө 5 жыл мурун башталган мектептин абалы, элдин үмүтүн да өчүрүүдө. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате