http://ktrk.kg/Элдик репортер: Мектептин жанындагы жер өтмөктүн абалына мышык ыйлайт

Элдик репортер: Мектептин жанындагы жер өтмөктүн абалына мышык ыйлайт

24 Окт 2018 , 7:54 100

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин жанындагы жер өтмөктүн абалына мышык ыйлайт. Балдарыбыз үчүн күндүзү да өтүү коркунучтуу. Бирок айла жоктон өтүүгө туура келет. Жарыгы жок, капкараңгы болгону аз келгенсип, ичиндеги жытка чыдай албайсың. 

Жер өтмөктүн абалы тууралуу бизге буга чейин дагы маалыматтар келип, эфирге алып чыкканбыз. Бирок колго алаар адам жоктой. Мектептин жанында жайгашкан өтмөк аркылуу  күнүгө ондогон окуучулар каттаганга мажбур. Анткени жолдун үстү канчалык кооптуу экендиги баарыбызга маалым. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате