http://ktrk.kg/ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери жаңы батирлүү болушту

24 Окт 2018 , 11:47 384

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарын кыдырган кезектеги иш сапарын улантып, бүгүн Нарын облусуна барды. Анда мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлерине салынган үйдүн ачкычын тапшыруу аземине катышты. 

Бул турак жай 28 батирден турат. Анын сегизи бир бөлмөлүү, дагы 8 батири эки, калгандары 3 бөлмөлүү. Ачылыш аземинде өлкө башчы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери эң таза иштеп, ата мекен үчүн ак кызматын кылып келе жаткандыгын белгиледи.



Новости по дате