http://ktrk.kg/Элдик репортер: Короодогу электр түркүк кооптуулук жаратууда

Элдик репортер: Короодогу электр түркүк кооптуулук жаратууда

24 Окт 2018 , 11:30 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагында союз убагында тургузулуп, учурда кооптуулук жараткан электр түркүктөрү көп. Алардын айрымдары турак үйлөрдүн жанында жайгашса, короонун ичинде орнотулгандары да бар.

Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын Ишен Байсалов көчөсүндөгү №21 үйдүн короосунун жер-жемиш тигилген жеринде орнотулган электр түркүгү да шамалга ыргалып, араң эле турат. Түбүнөн суу агып турат. Электр түркүгүнүн кооптуулугун жергиликтүү бийликтегилерге жана электр тармагында иштеген адистерге айтып жеткире албай койдук. Балдарыбызды короого чыгаргандан коркобуз. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате