http://ktrk.kg/Элдик репортер: Новопавловкадагы машине менен жөө адамды жарыштырган ичке көчө көйгөйү

Элдик репортер: Новопавловкадагы машине менен жөө адамды жарыштырган ичке көчө көйгөйү

24 Окт 2018 , 11:36 235

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Новопавловка айыл аймагындагы Деповская жөө адамдар менен машинелерди жарыштырган кичинекей көчө. Бул жолдо айдоочулар машинелерин катуу айдап, сүзүп кетчүдөй жарышып жүрүшөт. "Анткени, жөө адамдар басуучу тротуар жок болгондуктан балдардын коопсуздугунан коркобуз. Бул көчөдө адамдарга эч жол берилбейт, көзөмөлдөгөн киши да жок, бизге жөө адамдар басуучу тротуар салып берсе жакшы болот эле дейт", - тасманын автору. 

Автордун берген маалыматы боюнча, көчөнүн эки четиндеги жашоочулар 3 - 4 метрге чейин жолду көздөй кирип кетишкендиктен, жол ичке болуп калган. Айыл өкмөтүнө жергиликтүү тургундар канча кайрылса да ушул күнгө чейин эч майнап чыкпай келет.

Аталган көчө ичке болгондуктан четиндеги бактарды алып, жолду кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Болбосо балдарды бул жол менен мектепке жибергенден коркобуз,- деген пиикирин калтырып, биздин ушул көйгөйүбүзгө кандай жардам бере аласыздар деген суроо узаткан. 


Новости по дате