http://ktrk.kg/Элдик репортер: Аксы районунда жаздын камын азыртадан башташты

Элдик репортер: Аксы районунда жаздын камын азыртадан башташты

25 Окт 2018 , 5:00 139

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл жаздын келиши менен Кыргызстандын бир нече аймагында сел жүрүп, айыл тургундарын бир топ чыгымга учураткан.  Айдоо аянттарынан тышкары короосуна чейин эгилген мөмө-жемиштерин суу алып, төрт айласын кетирген.  

Селден көңүлү калган айрым аймактар азыртадан жаздын камын колго алууда. Аксы районунун Боспиек айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин демилгеси менен жергиликтүү тургундар тартылып, учурда сай жээктеринде дамба курулуп жатат. Мындай маалымат менен аталган айыл тургундары бөлүшкөн.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате