http://ktrk.kg/Элдик репортер: №83 мектептин жанындагы унаалардын башаламандыгы качан жөнгө салынат?

Элдик репортер: №83 мектептин жанындагы унаалардын башаламандыгы качан жөнгө салынат?

25 Окт 2018 , 6:23 187

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айдоочулар каалагандай айдап, жол белгилерге көңүл бурбаган жерлердин бири Бишкек шаарындагы Кудайберген базарынын айланасы. Базардын ылдый жагындагы Касым конушунун Кубаныч көчөсүндө  №83 мектеп жайгашкан. Мектептин жанындагы Патрис Лумумба менен Кубаныч көчөлөрүндө кыркалата унаа тетиктерин саткан дүкөндөр  менен унаа оңдоочу жайлар бар. Аларга келген айдоочулар токтотууга тыюу салынган белгилерге карабай жолдун эки тарабын унаа токтотуучу жайга айландырып алышкан.

Бул көчөлөрдөгү башаламандыкты мэрия менен жол коопсуздук кызматы да жөнгө сала албай коюшту. Келип текшеримиш этишет. Бирок жыйынтыгы жок. Мындан бир жыл мурун окуучу баланы ушул райондон сүзүп кетишкен. Азыр деле ушул кооптуулук бар. Анткени мектептен чыккан балдарга жол бербей ызылдатып айдап өтүшөт. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате