http://ktrk.kg/Элдик репортер: Таластын Покровка айыл өкмөтүндөгү таштандыга толгон көчө

Элдик репортер: Таластын Покровка айыл өкмөтүндөгү таштандыга толгон көчө

25 Окт 2018 , 10:00 161

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айыл өкмөтүнө караштуу аймакта жолдун четине чейин төгүлгөн таштандыны автор тасмага тартып жөнөткөн."Төгүлгөн таштанды ары жакта турган эки кабаттуу үйдөн чыгат, ал эми балдар таштанды төгүлгөн аймактан алыс эмес ушул жерлерде эле ойношот. Биз балдардын ден соолугунан кооптонобуз, - деген оюн калтырган тасма автору.

Көйгөйүн айтуу менен кимге кайрылаарын билбеген жергиликтүү тургун, мурда айыл өкмөткө таштанды салуучу урна орнотуп берүү үчүн кайрылганын, бирок мындан эч майнап чыкпаганын айтып, тиешелүү тараптардан жардам сурайт. Себеби, айыл өкмөт жардам берген эмес.     


Новости по дате