http://ktrk.kg/Элдик репортер: Караколдогу базардын жанында үйүлгөн таштанды

Элдик репортер: Караколдогу базардын жанында үйүлгөн таштанды

25 Окт 2018 , 9:59 188

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул Каракол шаарынын Дзержинский көчөсү. Канча убакыттан бери жол четине тоодой болуп үйүлүп таштанды чогулуп калып жатат. Жолдун наркы бетинде базар жайгашкан. Соодагерлер бошогон кагаз кутучаларын ыргытышса, нары-бери өткөн адамдар калганын ыргытып атып кечке чейин жердин баары таштанды болгону аз келгенсип жаман жыт чыгып баштайт. Жанына да "Шоро" саткандар отуруп алышкан. Жергиликтүү бийлик же базар башчысы мүмкүн сыналгыдан бул билдирүүнү көрүшсө акыры аракет кылаар... - деген илгери үмүт менен шаар тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберишкен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате