http://ktrk.kg/Элдик репортер: Өзбекстан менен чектеш Жаңы-Шаар айылында таза суу көйгөйү курч

Элдик репортер: Өзбекстан менен чектеш Жаңы-Шаар айылында таза суу көйгөйү курч

25 Окт 2018 , 10:49 195

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан Жаңы-Шаар айылында таза суу көйгөйү курч. Таза суу айылда чыкпагандыктан айыл эли арыктан суу ичүүгө аргасыз. Тургундардын айтымында, таза суу үчүн 8 километр жол жүрүп, алып келүүгө туура келет. Таза суунун жоктугунан кир суу ичкен айылдын балдары дээрлик сарык оорусу менен жыл бою ооруп, Чаткал райондук оорукана биздин балдарга толду, - дейт айыл тургуну. 

Тасмада айтылгандай, айылдыктардын барбаган жери, арызданбаган тарабы калган эмес. Өкмөткө, райондун акимчилигине, Жогорку Кеңешке чейин кайрылып, кат жазышканы менен эч жыйынтык чыкпай келет. Айыл элинин акыркы үмүтү Коомдук биринчи каналдын "Элдик репортер" берүүсүндө. 


Новости по дате