http://ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектеги №11 - медициналык борбордогу күтүүдөн зарыккан бейтаптар

Элдик репортер: Бишкектеги №11 - медициналык борбордогу күтүүдөн зарыккан бейтаптар

26 Окт 2018 , 4:51 168

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Бишкек шаарындагы №11 - үй бүлөлүк медициналык борборундагы дарыгерлерге кире албай, кезек күтүп турган жарандар көрсөтүлгөн. Мындагы негизи көйгөй, элдин барын күтүрүп коюп, дарыгерлердин конференция, жыйындарга кирип кетиши. Мисалы, видеонун автору бир сааттан бээри дарыгерге кире албай, ишинен кечигип турганын айтат. 

"Мен эле эмес, ушул жердеги кары-картаңдар, жаш балдар чыдамы кетип, башкалары ишинен кечигип, айласы жок турушат",- деген пикирин айтуу менен, Саламаттыкты сактоо министрлигине атайын кайрылуу жасаган. Кайрылууда ушундай дарыгерлердин кезексиз конференция, окууларын элди кабыл алуу учурунда эмес, башка убакытта өткөрүүсүн суранган. 


Новости по дате