http://ktrk.kg/Элдик репортер: Балыкчыдагы жер үстүнө аккан канализация суусу

Элдик репортер: Балыкчыдагы жер үстүнө аккан канализация суусу

26 Окт 2018 , 5:14 132

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына Балыкчы шаарынын тургуну көчөсүндөгү канализация маселеси боюнча видео материал жиберген.

Биз Балыкчы шаарчасындагы Горный көчөсүнүн жашоочусубуз. Бизде көп жылдан бери канализация маселеси чечилбей келет. Жаныбыздагы СССР убагында салынган көп кабаттуу эки үйдөн чыккан саркынды суулар канализация менен агып кетпей, жер үстүнө чыгууда. Канча жыл болду, кайрылбаган жерибиз калган жок. Көп кабаттуу эки үй болгондуктан суу дагы көп чыгып көчөнүн баарын каптайт. Кандай жыт чыгат баарыбыз эле билсек керек. Ошол жыт алыстан эле жыттанып, көчөнүн баарын аралайт. Жанынан өткөн абдан жагымсыз - деп билдирет окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате