http://ktrk.kg/Элдик репортер: туура эмес маалыматтар менен басылып чыккан "Мекен таануу" китеби

Элдик репортер: туура эмес маалыматтар менен басылып чыккан "Мекен таануу" китеби

26 Окт 2018 , 11:33 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы убакта коомдо ката менен басылып чыккан жаңы окуу китептери кызуу талкууга алынып жатат. Ата-эне, мугалимдердин айтуусу боюнча ар бир бетинде ката бар. Баардыгы 43,700 экземпляр китеп басылып чыккан. Китептин ичинде тыбыштык, тыныштык гана эмес, туура эмес да маалыматтар бар. 

"Элдик репортер" рубрикасына дагы Нарын шаарынын тургуну кызы окуп жаткат катасы бар китеп жөнүндө маалымдама жиберген.

Менин кызым Нарын шаарынын орто мектептеринин биринде 4-орус классында окуйт. Кызым алган Родиноведение китебиндеги катачылыкты айткым келип отурат. Ал китептин 72-бетинде Нарын шаарынын чон мечитинин сүрөтү орун алып, бирок негедир Мавзолей Шах Фазиль Ала Букинский район деп көрсөтүлгөн. Бул китеп 2015-жылы Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген экен. Бирок мени тынчсыздандырган нерсе Нарын облусунан башка жакта окуп жаткан окуучуларга туура эмес маалымат болуп жатканы. Биз билебиз ал сүрөт Нарын шаарынан орун алган Нарын облусунун чоң мечити экенин. Бул маалыматты тийиштүү тарапка жеткирип коюшуңуздарга чоң ишеним артам - деп илгери үмүт менен окурман билдирүү жиберген. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате