http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин соттон кароо улантылды

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча козголгон кылмыш ишин соттон кароо улантылды

26 Окт 2018 , 4:00 891

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр кыш чилдедеги Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишин соттон кароо улантылды. Отурумда “Энергохолдингдин” мурунку башчысы Айбек Калиевдин жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок, ишти карап жаткан сот Эмилбек Кайыпов өтүнүчтү канааттандырган жок.

Өткөн кыш калаа тургундарынын бир апта бою жылуулуксуз калышы менен эсинде калды. Модернизация болду деп ишке берилген ЖЭБ бир кыштан чыкпай жатып, авария болуп, анын аркасы менен бир топ кемчиликтер ачыкка чыккан. Баарынан дагы коомчулуктун көңүлүн ТЕЦти жаңылоого деп Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын айланасындагы маселелер бурган. Көп узабай Кытай бөлгөн каражат максаттуу пайдаланылбаганы аныкталып, биринин артынан экинчиси болуп отуруп 10дон ашык атка минер камалган.

Кармалган жогорку кызматтагы адамдар жемкорлукка тиешеси бар деп шектелүүдө. Ал эми саясат тануучу Алмазбек Акматалиев ири көлөмдө насыя алууда Кыргызстан тарап Кытайдын ТBEА компаниясы менен өлкө үчүн ыңгайсыз келишим түзгөн деп эсептейт.

Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБдеги кырсык боюнча УКМК тарабынан козголгон 4 иштин бирөөсү боюнча соттук угуулар уланып жатат. Жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев жеткирилди.

Жактоочу Айбек Калиев үй-бүлөсүн жалгыз баккан үй-бүлө мүчөсү экенин, жубайы кош бойлуу, иштей албайт деген жүйө келтирип үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бирок, күнөөлөп жаткан тарап Калиев мамлекетке көп миллиондогон чыгаша алып келген, ал өлкөдөн качып кетиши мүмкүн деп каршы чыгып, сот өтүнүчтү четке какты. Эми кийинки сот отуруму 2-ноябрга белгиленди. 





Новости по дате