http://ktrk.kg/Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылат

Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылат

27 Окт 2018 , 9:26 819

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек-Ош трассасындагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн маал-маалы менен жабылып турат. Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чаралар тоннелдеги желдетүү системасын оңдоп-түзөөгө байланыштуу көрүлүп жатат.

26-октябрда башталган иштер 4-ноябрга чейин созулат. Белгилүү болгондой, тоннель эртең мененки сегизден тогуз жарымга чейин жана түшкү экиден үч жарымга чейин жабык болот. Ал эми калган убакытта унаалар тоскоолдуксуз өтө алат. Министрлик айдоочуларды буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат. 



Новости по дате