http://ktrk.kg/Элдик репортер: шаар ичиндеги арыктар таштанды, жалбырактардан качан тазаланат?

Элдик репортер: шаар ичиндеги арыктар таштанды, жалбырактардан качан тазаланат?

29 Окт 2018 , 6:25 257

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн дем алыш күндөрү жааган жамгыр шаардыктарды бир топ түйшүккө салды. Тасмада Бишкек шаарынын Ж. Абдрахманов (Советский) көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жөө адамдар өтүүчү жол чийинден адамдар өтө албай айланып өтүп жатканы көрсөтүлгөн. Себеби, арыктар тазаланбагандыктан суу сыртка чыгып, көчөнү каптап кеткен.  

Автор Бишкек шаардык мэриясынын тиешелүү кызматтарынан шаар ичиндеги арыктарды таштанды, жалбыракка толтурбай, тазалап туруусун суранат.    


Новости по дате