http://ktrk.kg/Ата-эне камкордугунан ажыраган 4 наристе Кыргызстанга алынып келинди

Ата-эне камкордугунан ажыраган 4 наристе Кыргызстанга алынып келинди

30 Окт 2018 , 5:15 206

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Орусиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе алынып келинди. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдагандай, балдар интернатка өткөрүлөт. Министрликтин кызматкерлери учурда аларды биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштыруу боюнча иш алып барууда. Балдар ата-энесинин камкордугунан ар кандай себептерден улам ажыраган. 

Негизги себеби, дайыма жашай турган жайы жана иштеген иши жоктугуна байланыштуу, энелери баш тартышкан. Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери тыштан Кыргызстанга 89 бала алынып келинди.


Новости по дате