http://ktrk.kg/Элдик репортер: күндө жарык өчкөн Достук микрорайонундагы көйгөйдү ким чечет?

Элдик репортер: күндө жарык өчкөн Достук микрорайонундагы көйгөйдү ким чечет?

30 Окт 2018 , 12:17 234

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Достук микрорайонунун тургуну "Аскарэнерго" аталган ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу көйгөй менен "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. Автор билдиргендей, тургундардын уруксааты жок "Түндүк электр" ишканасынан төмөндө аталган ЖЧК бөлүп алып, тейлөөгө алган. Бирок, аймактагы газ же жылуулук жок үйлөрдө азыртан эле күндө жарык өчөт, ал эми кыш келсе жалгыз электрди караган биздин абалыбыз кандай болот деп тынчсызданышууда. 

Тасмада айтылгандай, "Аскарэнерго" аталган ЖЧК райондогу жаңы курулган көп кабаттуу уйлөрдү жарык менен камсыздоону колго алып, бардыгын бир трансформаторго бириктирген. Бул көрүнүштү райондун жашоочулары мыйзамсыз деп эсептешет. Мында электр чубалгыларына күч келгендиктен күйүп, зымдар ээрип жаткандыгын райондун тургуну тасмага тартып жөнөткөн. Үйдүн жер төлөсүндөгү зымдарга чейин ээрип бараткандыктан, өрт чыгып кетүү коркунучу жаралууда, электриктер чакырса келишпей кайдыгер мамиле жасап келишет. 

Бул жеке менчик жоопкерчилиги чектелген коомдун жарыкты колдонуудагы төлөмдөр үчүн дүмүрчөк кагазында кассалык чек жана мөөрү жок экендиги да маалымдалган.  

Айласы кеткен, Достук микрорайонунун тургундары маселени чечкенге жардам берүүнү, жана бул видеону тиешелуу кызматтарга көрсөтүүнү сурашат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате