http://ktrk.kg/Элдик репортер: Шаардык таштандынын түтүнүнө капталган Калыс-Ордо конушу

Элдик репортер: Шаардык таштандынын түтүнүнө капталган Калыс-Ордо конушу

30 Окт 2018 , 10:05 175

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шаардык таштанды төгүлгөн талаанын абалы тууралуу жазбасак да көпчүлүккө маалым. Талаага  жакын жайгашкан Калыс-Ордо конушу кышы-жайы таштандынын түтүнүнө оролуп турат.  Конуш тургундарынын маалымдоосунда түнкү 1лерде каптаган түтүн эртеси түштөн кийин гана араң тарайт. 

Шаардык таштанды талаасынын түтүнү бир эле айланасындагы конуштарга каптабастан, борбор калаанын өзүн дагы боз туманга чулкап жатат. Бирок бул маселеге жакын арада чара көрүлүп, жыйынтык болчудай эмес.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате