http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБдеги оңдоо иштери декабрь айына чейин толук бүткөрүлөт

Бишкек ЖЭБдеги оңдоо иштери декабрь айына чейин толук бүткөрүлөт

31 Окт 2018 , 6:52 1626

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек жылуулук электр борборундагы жүрүп жаткан оңдоо иштери декабрь айына чейин толук бүткөрүлөт. Бул тууралуу 30-октябрда Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясынын ишинин жыйынтыктары тууралуу тармактык комитеттин көчмө жыйынында айтылды. Анда депутаттар жылуулук борборунун кышка даярдыгы жана комиссиянын тапшырмасы менен аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. 

Көчмө жыйында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороонов калааны жылытуу мезгилине карата көрүлгөн даярдыктар тууралуу маалымат берди. Эл өкүлдөрү жылуулук борборун модеринизациялоого коротулган каражаттар, насыялык келишимдер, от казандардын азыркы абалы тууралуу суроолорун узатты. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"



Новости по дате