http://ktrk.kg/Элдик репортер: Чак түштө болуп жаткан коррупциялык махинация

Элдик репортер: Чак түштө болуп жаткан коррупциялык махинация

31 Окт 2018 , 11:41 171

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузуу фактысы боюнча видео материал жиберген.

Бүгүн саат 10дон 1ге чейин Советский көчөсү менен бара жатканда Московский жана Бөкөнбаева көчөлөрүнүн кесилишинде башаламандык болду. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери унаалардын кыймылын көзөмөлдөөгө үлгүрбөй жатышты. Анткени алардын максаты көзөмөл жүргүзбөй эле, акча табууда болуп жатты окшойт. Мыйзам бузган карапайым айдоочуларды токтотушат да, чоңдордун унааларын кое берип жатышты - деп шаар жашоосуна кайдыгер карабаган шаар тургуну атайын видео тартып жиберген.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате