http://ktrk.kg/Кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдеткен “Санариптик Кыргызстан” программасынын долбоору даярдалды

Кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдеткен “Санариптик Кыргызстан” программасынын долбоору даярдалды

31 Окт 2018 , 16:18 1800

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик мекемелердин ишин толугу менен электрондук ыкмага өткөрүүнү камтыган “Санариптик Кыргызстан” программасынын долбоору иштелип чыкты. Ал кабыл алынып, толугу менен ишке кирсе карапайым калкка кызмат көрсөтүү жеңилдеп, бизнес чөйрөнүн, ошондой эле күч органдарынын ишинин ачык айкын болушуна шарт түзүлөт. Санариптик трансформация маселесин президент Сооронбай Жээнбеков маалыматтык технология жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев жана коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен талкуулады.

Санариптик трансформацияга байланышкан бардык маселелерди бир арага топтоп, алдыдагы 5 жылда аткарыла турган иштердин программасын иштеп чыгуу милдети эксперттик кеңешке июнь айында жүктөлгөн. “Санариптик Кыргызстан” аталышындагы программанын долбоору Коопсуздук кеңеши, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана эксперттик, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда даярдалды. 

Санариптик трансформация эң ириде мамлекеттик кызмат көрсөтүү иш аракеттерин жеңилдетүүгө багытталган. Жарандарга маалымкат берүүдөн тартып, бизнестин ишин көзөмөлдөө, ошондой эле күч органдарынын кыймыл аракеттерин, билим берүү жана шайлоо системасынын ишмердигин ачык айкын жүргүзүү негизги максат. Кыргызстан заманбап технологияларды өздөштүрүү жана таратууну өнүктүрүшү керек. 

Буга чейин санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоорду ишке ашыруу планы бекитилген. Азыркы күндө 7 долбоор толугу менен ишке ашты, 17си боюнча жумуштар жүрүүдө. Дагы 9 долбоорду ишке ашыруу үчүн каржы булактары изделип жатат. 

Санариптик трансоформациянын алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы 189 түрү ишке кириши керек. Анын ичинен Түндүк системасы, “Коопсуз шаар” долбоору жана санариптик экономика программалары негизгилерден болуп эсептелет. 

Өлкө башчысы санариптик транформация боюнча маалыматты уккан соң, бул багыттагы иштерди күчөтүүнү, калган долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартуу зарылдыгын белгиледи. Коррупцияны алдын алуу, мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн санариптик трансформация коомго абадай керек болуп турат.

Өлкө башчысы өлкөнү санариптештирүү иштериндеги айрым кемчиликтерди баса белгиледи. Айтымында, электрондук ыкмага өтүү жарандарга маалымкат берүүдөн тартып мамлекеттик мекемелердин документ жана маалымат алмашуу иш аракеттеринин бардыгын камтышы керек. Өз кезегинде, санариптик трансформация технологиялык өзгөрүүлөрдүн негизи, өлкө экономикасын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт деп айтылды.



Новости по дате