http://ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкек - Ош жолуна таштанды ыргыткандар толтура, тазалаган эч ким жок

Элдик репортер: Бишкек - Ош жолуна таштанды ыргыткандар толтура, тазалаган эч ким жок

1 Нояб 2018 , 10:35 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Автор Таш - Көмүр шаарындагы Бишкек -Ош жолунун боюндагы көрүнүштүү видеого тартып жөнөткөн. Аталган аймакта ары - бери өткөн жүргүнчүлөр дүкөндөрдөн ар кандай тамак - аш азыктарын сатып алып, желим баштык, кагаз жана желим бөтөлкө сыяктуу ар түрдүү таштандыларды туш келди ыргыта беришет. Бул жердеги сайдын ичи да ушундай акыр - чикирге толуп кеткендиги тасмадан көрсөтүлгөн. 

"Таштанды ыргыткандар толтура, тазалаган эч ким жок",- деген пикирин калтырган автор.   


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате