http://ktrk.kg/Элдик репортер: Эмне үчүн сапатсыз жолдор курулууда?

Элдик репортер: Эмне үчүн сапатсыз жолдор курулууда?

1 Нояб 2018 , 9:59 175

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл көп жерде жол оңдоо иштери жүргүзүлгөнү менен анын сапатына нааразы болгондор жол бүтпөй жатып башталган. Технологияга жооп бербеген шартта асфальт төшөлүп жатканына күбө болгон тургундардын маалыматтары биздин рубрикага жаз алды менен эле келип жатты.

Жол оңдоо иштерине канчалаган акча каражаты кетип жатат. Анын азабынан мамлекет да карызга батып жатат. Жок дегенде акыбети кайтса мынчалык кайгырбайт элек. Бирок кытайлык компаниялардын куруп жаткан жолдору көпкө узабай жатпайбы,- деген нааразылыгын билдирет Беловодск менен Кара-Балта шаарына чейинки автоунаа жолундагы асфальттын сапатсыз төшөлгөнүнө күбө болгон окурман.

Окурмандардан келген дагы бир маалыматта Кыргызстанда иштеп жактан кытайларга кызыгып эмне үчүн сапатсыз жасап жатасынар дегенде алардын, ушундай мамиле  чоңдоруңар жол берип жатат. Эгерде бизде мындай жол курулса атууга кетирмек деген жообу бар.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате