http://ktrk.kg/Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңеши чыгарган соңку чечимди “легитимсиз” деп атады

Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңеши чыгарган соңку чечимди “легитимсиз” деп атады

1 Нояб 2018 , 17:19 369

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңеши чыгарган соңку чечимди “легитимсиз” деп атады. 

Муну ал жыйынга кеңештин мүчөлөрү толук катышпаганы менен байланыштырып, өзүн партиядан чыгаруу чечими бир ууч адамдарга гана таандык болуп калганын айтууда. 31-октябрда Социал-демократтар партиясы парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркулов катардан чыгарылганын жарыялап, буга анын партиянын максаттарына жана уставдарына каршы иш-аракеттери себеп болгонун жүйө келтирген.


“Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен уюштурулган жыйындар буга чейин ар кайсы дубандарда өткөрүлгөн. Анын катышуучуларын социал-демократтардын парламенттеги фракциясынын лидери кабыл алып, сүйлөшкөнү талкууларды күчөттү. Көпчүлүк Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышына дал ушул кадамы себеп болду деп боолголошту. Бирок ал саясий кеңеш тарабынан чыгарылды делген чечимди “легитимсиз” деп атады.

Ал эми жер-жерлерде жыйындарды уюштуруп жүргөн адамдарды кабыл алышын - фракция лидеринин кадыресе эле кадамы катары сыпаттады.
Экс-президентти партиянын тизмесинен чыгарууга убакыт келип жеткенин кайталап келаткан Сагынбек Абдрахманов да Өмүркуловго чыгарылган чечимди эрежеге ылайык келбейт деп эсептейт.




Новости по дате