http://ktrk.kg/Кыргыз өкмөтү Бакиевге каршы доодон баш тарткан эмес

Кыргыз өкмөтү Бакиевге каршы доодон баш тарткан эмес

5 Апр 2016 , 20:57 1163

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз бийлиги качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди эл аралык уюмдар жана соттор аркылуу экстрадициялоого жетишиши керек. Бул боюнча Гаага трибуналы, Интерпол сыяктуу мүмкүн болгон бардык уюмдарга кайрылуу зарыл дешет адистер. Өлкөнүн башкы прокуратурасы билдиргендей, Максим Бакиевге карата эл аралык издөө токтотула элек. Эске сала кетсек, жакында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Максим Бакиев 6-апрелден тарта жазадан кутуларын айтып чыккан.  Ал Кыргызстан жалдаган Улуу Британиядагы адвокат кыргыз өкмөтү Бакиевге каршы доодон баш тартканын айткан. Деген менен Өкмөт бул маалыматты төгүнгө чыгарат.

Азыркы күндө Улуу Британияда баш калкалап жүргөн Максим Бакиевге байланыштуу соттук арыздан өкмөттүн баш тартуусу боюнча маалыматты “Биринчи радиого” парламент депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында, ал 21-27-март күндөрү аталган өлкөдө болуп, Максим Бакиевге байланышкан соттук иштин жүрүшү боюнча маалымат алган.

Бирок Өкмөт депутат айымдын бул билдирүүсүн төгүнгө чыгарып, билдирүү таратты. Анда өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөттүн соттук өкүлчүлүгү борборуна таянып “мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге карата соттук доо-арыздан баш тартты" деген маалымат чындыкка туура келбегенин айткан. Учурда мындай доо-арызды берүү маселеси каралып жатканы кошумчаланган. Ал арада Башпрокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Нурлан Тагаев качкын президенттин уулу Максим Бакиевге карата эл аралык издөө токтотула электигин белгилейт.

2012-жылы Максим Бакиевди АКШ бийлиги "баалуу кагаздар боюнча көз боёмочулук кылган жана башка экономикалык кылмыштарга аралашкан" деп шектеп, ал Американын өтүнүчү менен Лондондо кармалган. АКШ аны сот жообуна тартуу үчүн экстрадициялоону өтүнгөн.

2014-жылы болсо Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Джудит Фарнвортге нота тапшырган. Анда Кыргызстан Улуу Британияны мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын активдерин камакка алуу, кайтарып берүүгө, аларга башпаанек берүүдөн баш тартууга, ошондой эле сот жообуна тартууга көмөктөшпөй жатат деп айыптаган. Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкек Лондонго бир канча жолу өтүнүч кат жолдогон, бирок ага тийиштүү деңгээлде көңүл бурулган эместигин айтат.

Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев Улуу Британия сыртынан соттоо көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Британияда да жок экенине таянаарын белгилейт. Деген менен Аны Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча эл аралык конвенцияларда тийиштүү механизмдер бар дейт ал.

Мурунку тышкы иштер министри, Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан Максим Бакиевди кайтарып алуу боюнча дипломатиялык жол-жоболорду колдонуп, эл аралык уюмдар жана соттор аркылуу экстрадициялоого жетишиши керек деп эсептейт.

Эске сала кетсек, Максим Бакиев – Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Ал атасынын мамлекетти башкарып турган чакта өлкөнүн инвестиция жана инновация өнүктүрүү боюнча борбордук агенттикти жетектеген.

Апрель ыңкылабынан кийин башкы прокуратура Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон, эл аралык издөө жарыяланган. 

2010-жылдын майында ага карата Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Көп өтпөй июнь айында Улуу Британиянын чек ара агенттиги тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынган. Кийинчерээк Максимге аталган өлкөнүн аймагында убактылуу туруугу уруксат берилген.

2013-жылдын март айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны “Түндүкэлектро” ишканасын сатуудан жана “коррупция”, “кылмышка катыштыгы бар” деген беренелер менен айыптуу деп таап, мамлекетке 133 миллион АКШ доллары өлчөмүндө мамлекетке мүлктүк зыян келтирген деп, сыртынан 25 жылга кескен.  

Мээрим Абдраманова, “Биринчи радио”

Новости по дате