http://ktrk.kg/КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны жыйынтыкталды

КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны жыйынтыкталды

2 Нояб 2018 , 17:36 430

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Астанада КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. Бул жолку отурумдун күн тартиби да олуттуу делген маселелерге жыш болду. 

Алардын катарында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана жаңы кооптонуулар менен чакырыктарга каршы туруу маселелери негизгилерден болду. 

Бул жолку отурумдун күн тартибинин кулачы кең, космосту өздөштүрүүдөн тартып гуманитардык багытта кызматташуу маселелерине чейин камтылган. Өкмөт башчылар шериктештиктин алкагында ушул жана экономикалык багыттагы кызматташтыктын маанилүү жагдайларын биринчи тар чөйрөдө талкуулап, кеңейтилген курамдын күн тартибиндеги маселелер да каралды.

Ошону менен бирге жыйында эки жылга гуманитардык байланыштын алкагында аткарыла турган 140тан ашык иш чаралардын планы бекитилди. Келерки жыйын 2019-жылы шериктештик Түркмөнстандын төрагалыгы алдында Ашхабадда өтөт.

Новости по дате