http://ktrk.kg/Элдик репортер: Аксынын Ак-Суу айылына барчу көлчүк көчө көйгөйү

Элдик репортер: Аксынын Ак-Суу айылына барчу көлчүк көчө көйгөйү

3 Нояб 2018 , 9:09 289

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айдоочу чөнтөк телефону аркылуу Аксы районунун Ак -Суу айылына барчу 25 км созулган жолдун абалын тартып жөнөткөн. Автодун маалыматы боюнча Кызыл -Жар шаарчасынан Ак-Суу айылына барган бул жолду унаа менен бир жарым саат жүрүүгө туура келет. 

Тасмадан көрүнүп тургандай, жолдун бары аңгыл-дөңгүл, жолдогу чуңкурларга жамгырдын суулары толуп айдоочулар үчүн кыйынчылыктарды жаратат. Жеткенче чарчап, унаалар бат-бат бузуларын автор билдирген. 

Тасма аркылуу жолдун абалын коомчулукка көрсөтүп, оңдолуп калабы деген үмүт менен "Элдик репортер" рубрикасына жөнөткөн.   

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате