http://ktrk.kg/Жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоо зарылчылыгы белгиленди

Жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоо зарылчылыгы белгиленди

13 Нояб 2018 , 11:04 516

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биз жол коопсуздугун камсыздоо тутумун сапаттуу реформалоого жетишүүбүз керек. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди. Анда президент Сооронбай Жээнбеков жактырган Стратегияны бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча пландар талкууланды. Маалым болгондой, алардын натыйжасында Бишкек шаардык Кайгуул милициясын түзүү каралууда. 

Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сунушталган чаралардын негизги элементтерине токтолушту. Анын катарында кадрдык курамды жаңыртуу, Кайгуул милиция кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелери да бар. Ошондой эле, кеңешмеде Кайгуул милициясынын түзүмдөрүн кызматтык унаа, атайын техника менен камсыздоо, формалуу кийим берүү жана атайын техникалык каражаттар менен жабдуу маселелери каралды. 

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын түзүмдөрүнүн ишин реформалоо жана күчтөндүрүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.


Новости по дате