http://ktrk.kg/Элдик репортер: жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү жиптерди байлоо зарыл

Элдик репортер: жылкыларга түнкүсүн жарык берүүчү жиптерди байлоо зарыл

15 Нояб 2018 , 10:12 750

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын тургуну кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Жаран мал жандыктарына, өзгөчө жылкы, уй сыяктуу бодо малга түнкүсүн жарыкка чагылышуучу атайын каражаттарды тагууга чакырат. Мисалы жылкынын жүгөнүнө, жал - куйругуна жарыкка чагылышуучу каражаттарды байлоо менен жол коопсуздугун сактоого болот.

"Жол бойлой жайгашкан айылдарда түнкүсүн унаалар малды коюп кетип, кырсык болгон учурлар көп катталат. Анткени, малга ишенич жок, бир нерседен үркүп кетип деле капысынан жолго чуркап чыгышы мүмкүн. Натыйжасында унаа кырсыктап, ичиндеги адамдар да жабыркайт. Ал эми ушундай чагылтуучу жиптерди малга байлап койсок, түнкүсүн айдоочуларга белги берет. Мен мына 10 жылдан бери ушундай чагылдырычуу жиптерди сатып алып, элдин жолдогу коопсуздугу үчүн байлайм, азыр базарларда чагылтуучу жиптин 100 метри 400 сом турат",- деди атын атабаган видеонун автору.  


Новости по дате