http://ktrk.kg/Өспүрумдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу

Өспүрумдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу

7 Апр 2016 , 7:31 1734

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Ички иштер министрлиги “Милициянын жаш курбусу” аттуу сынак өткөрдү. Ага өлкөнүн бардык аймактарындагы мектеп окуучулары катышып, биринчи орунду Майлы-Суу шаарынын балдары алды. 

Сынакка катышкан окуучуларга министрликтин медалы жана кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Иш-чара жашы жете электер арасында кылмыштуулукту алдын алуу, аларды чынчылдыкка, тактыкка тарбиялоо максатында уюштурулду. 

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги жалпы билим берүү мекемелери менен тыгыз иштешип, балдарга укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты байма-бай берип турат. Мындан тышкары “Милициянын жаш курбусу” аталышындагы отряддар дээрлик көпчүлүк мектептерде түзүлүп, ага кирген окуучулар сабакты көп калтырган балдар менен иш алып барат

Новости по дате