http://ktrk.kg/Жазгы талаа жумуштарынын дээрлик көпчүлүгү бүтүп калды

Жазгы талаа жумуштарынын дээрлик көпчүлүгү бүтүп калды

8 Апр 2016 , 7:57 2345

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кылкандуу дан эгиндерин айдап себүү иштери Нарын менен Ысык-Көлдү кошпогондо, башка аймактарга дээрлик 50%га бүтүп калды. Бул туурасында Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. 

Анын айтымында, учурда түштүк аймактарда жазгы талаачылык иштери жигердүү жүрүп, пахтанын аянты кеңейтилип жатат.

 


Ал эми Чүй облусунда кант кызылчасы 10 400 гектарга эгүү пландалса, Талас облусунда төө бурчактын түстүү түрүнө басым жасоо боюнча дыйкандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Чодуев белгилегендей, былтыр дыйкандар мол түшүм алган менен аны сатууда бир катар көйгөйлөр болду.

 Ошондуктан быйыл дыйкандарга туура багыт берүү менен, министрлик негизги милдет катары сатуу иштерин уюштурууну колго алды. Мында негизинен логистикалык борборлор аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө экологиялык таза айыл чарба продукциясын чыгаруу кадамдары бар.



Новости по дате