http://ktrk.kg/КТРКнын өнүгүшүнө Нарын Айып да өз салымын кошкон

КТРКнын өнүгүшүнө Нарын Айып да өз салымын кошкон

7 Дек 2018 , 15:51 778

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык дирекциясынын мурдагы продюсери Нарын Айып. Кесиби физик болсо да кийин журналистикада өз ордун таап, бир катар маалымат каражаттарында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Илимпоздун үй-бүлөөсүндө тарбияланган Нарын Айып өзү да атасынын жолун жолдоп илимди тандаган. Физика, химия боюнча терең билими анын Москвада СССРдин илимдер академиясында эмгектенишине жол ачкан. Келечекте кесибин өзгөртүп, журналистиканы тандаары ал учурдагы жаш илимпоздун оюна келген эмес. Калемин кармап, маалымат айдыңына 38 жашында гана аралаша баштаган.
60 жылдык мааракеси белгиленип жаткан КТРКнын өнүгүшүнө Нарын Айып да өз салымын кошкон. “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясын 4 жыл башкарып, сабаттуу, терең ой жүгүртүп, кызматкерлерди туура иш алып барууга багыттай алган жөндөмү менен эсте калды.

Новости по дате