http://ktrk.kg/Элдик репортер: Учкун конушундагы тургундарды түйшөлткөн таштанды жана жол маселеси

Элдик репортер: Учкун конушундагы тургундарды түйшөлткөн таштанды жана жол маселеси

11 Дек 2018 , 9:44 272

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын Учкун жаңы конушундагы №89 мектептин жанында таштанды урналары бар. Үйүлүп-чачылып жаткан таштанды 1 айда бир жолу гана тазаланат. Ушундай көрүнүш жүздөгөн окуучулар билим алган мектептин жанынан орун алган. Мындан тышкары бул конуштун бир дагы көчөсүндө оңдоо иштери жүргузүлгөн эмес. Жок дегенде ушул окуучулар каттаган жолду мэрия планга киргизип берсе жакшы болот эле, деген үмүт менен кайрылат аталган конуш тургундары.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате