http://ktrk.kg/Баткенде Айгүл гүлү жылдагыдан эрте гүлүн ачты

Баткенде Айгүл гүлү жылдагыдан эрте гүлүн ачты

13 Апр , 13:01 405

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткенде бул жылы Айгүл гүлү жылдагыдан эрте гүлүн ачты. Буга күндүн жаанчыл болгону себеп болууда дешет адистер. Ар жылы апрель айында ачылган гүлдү көрүү үчүн аймакка ички туристтердин агымы башталды.                                                                                                                                   

Баткен районунун борборунан 18 чакырым аралыктагы Айгүл тоо ботаникалык корукка алынып, айланасы тосулган. Коруктун аймагына кирүү үчүн ар бир кишиден 20 сом өлчөмүндө акы алынат.Бүгүн Айгүл гүлүнүн ачылгандыгына арналып майрамдык салтанат болуп өттү. Эскерте кетсек Айгүлдүн уругу жерге түшкөндөн баштап жети жылга чейин жашыл бойдон өсүп, андан кийин гана гүлдөйт.


Новости по дате