http://ktrk.kg/Кыргыз-казак чек-арасындагы кырдаал жөнгө салынды

Кыргыз-казак чек-арасындагы кырдаал жөнгө салынды

8 Апр , 18:14 438

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ал арада Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынып, өткөрмө жайлары кадимки тартипте иштей баштады. Буга чейинки Казакстан тараптан бир тараптуу киргизилген кошумча чектөө толугу менен жоюлду. Буга байланыштуу “Ак Тилек автожол” көзөмөл өткөрүү бекетинде буга чейин оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жоюлду. Эске сала кетсек өткөн аптада Кыргызстан менен Казакстан чек ара боюнча орток пикирге келишкен. Оор жүк ташуучу унаалар жума күнү түштөн кийин эч кандай тоскоолдуксуз өтө баштаган.

Эртең менен келген Куштарбек “Ак Тилек-Автожол” көзөмөл өткөрмө жайынан өтөм дегендердин эң алдында. Ал калк керектөөчү товар жүктөп Орусияны көздөй бара жатыптыр.

Казакстан тараптын кошумча текшерүүсү жоюлганына байланыштуу уруксат кагазын сунуштаган айдоочулар эч кандай кыйынчылыксыз эле чек араны кесип өтүүдө. Дыкат текшерүүнүн айынан мурда саатына болгону 4-5 унаа өтүп жатса азыр өткөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейди. Чек арачылар кечке чейин кезектеги унаалар толугу менен өткөрүлөөрүн айтты.

Кыргызстан менен Казакстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Мындан улам Казакстан чек арада бир тараптуу кошумча чектөө киргизгенин Евразиялык экономкалык биримдиктин талаптарына туура келбейт-дейт Экономика министрилигинен.

Эске сала кетсек Казакстан кошумча чектөө киргизгенине байланыштуу “Ак Тилек-Автожол” көзөмөл өткөрмө жайында эки жумадай оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин өткөн аптанын аягында кыргыз-казак чек ара өткөрмө жайлары кадимки тартипте иштей баштады.



Новости по дате