http://ktrk.kg/Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзаменди 20-июнга чейин тапшырат

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзаменди 20-июнга чейин тапшырат

15 Апр , 9:28 1549

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл 11-класстын окуучулары мамлекеттик экзаменди 3үчүнөн 20-июнга чейин тапшырат. Бул чечимди Билим берүү жана илим министрлиги чыгарды. Бекитилген план боюнча, бүтүрүүчүлөр жылдагыдай эле беш сабактан экзамен берет. 

Ал эми 9-класстын окуучулары мамлекеттик сынакты 3үчүнөн 18-июнга чейин тапшырат. Алар дагы беш экзаменди 5 предметтен берет. 

Билим берүү министрлиги ага чейин мектеп директорлору менен алардын орун басарларына мамлекеттик экзаменди алуу боюнча ыкмаларды үйрөткөн окууларды уюштурмай болду.




Новости по дате