http://ktrk.kg/Жашы жете электерди зордуктагандарга жазаны катаалдантуу зарыл

Жашы жете электерди зордуктагандарга жазаны катаалдантуу зарыл

12 Апр 2016 , 6:45 1417

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жашы жете электерди зордуктады деген айып менен жазага тартылгандар мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылбайт. Мындай демилгени Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы демилгелеп, Кылмыш жана Кылмыш аткаруу кодекстерине толуктоолорду киргизип жатат. 

Бул аракеттер жазаларды катаалдаштыруу аракетин көздөйт. Жазаларды аткаруу кызматы билдиргендей соңку учурда жаша жете электерге карата зордуктоо учурлары көбөйүп жатканын жана бул ишке айыптуу деп кармалган кылмышкерлер мөөнөтүнөн мурда эркиндикке бошотулганын коомчулук өзгөчө кооптонуу менен кабылдоодо. 

Учурда жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү жайларында жашы жете электерге карата оор кылмыштарга барган 153 адам жазасын өтөп жатат. Соттолгондордун арасында жетөө аялдар. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү белгилегендей барган сайын балдарга карата зөөкүрлүк менен зордуктоого баргандар арбып жатат.



Новости по дате