http://ktrk.kg/Элдик репортер: Жалгыз маршруттук каттамдын көзүн караган Ак-Ордонун тургундары

Элдик репортер: Жалгыз маршруттук каттамдын көзүн караган Ак-Ордонун тургундары

15 Апр , 14:08 118

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ак-Ордо конушунун Гагарин көчөсүнүн аягына чейин бир гана маршруттук унаанын каттамы бар. №222 маршруттук унаанын каттамына көп жылдан бери нааразы болгон тургундар көп. 

Бул каттамдын айрым айдоочулары ачык эле догурунуп, жүргүнчүлөрдү оозу-мурдунга чейин тыгып алып айдашат. Өзгөчө кышкысын аябай кыйналабыз. Аралыгы  кээде 30-40 минутага чейин созулуп, жок болуп кетишет. Көк муштум болгон окуучуларды көрүп зээниң кейийт. Ак-Ордонун ичинде каттаган коомдук унаалар көп. Бирок алардын баары Гагарин көчөсү аркылуу келип, Тагай-Бий көчөсүнөн кайрылып кетишет. Жок дегенде ошолордун бирин №222 каттамга бара турган жолго кошуп коюса жакшы болот эле.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате