http://ktrk.kg/Ысык-Көлдө жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ысык-Көлдө жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

15 Апр , 13:55 785

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунда акыркы 10 күндөн бери жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Себеби бул аймакта акыркы айларда жол кырсыктары көбөйүп, адам өмүрлөрү кыйылган. 

Мындан улам Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 10 кызматкери облус аймагына жиберилген. Былтыркы жылдын алгачкы 3 айында 48 жол кырсыгы катталса, быйыл 3 айда анын саны 64кө жеткен. 

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда 21 жолу ар кандай рейд иштери өткөрүлгөн. Мында 854 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлгөн. 

Булардын 132 айдоочусу рулга спирт ичимдигин ичип алып отурганда кармалган. Жол коопсуздук кызматкерлеринин мындай аракеттери маал-маалы менен улантылып турат. Себеби алдыда жайкы эс алуу убагы жакындап келе жатат. 

Жолдогу тартип демекчи рулга отурган адам качан жоопкерчиликтүү мамиле жасап, мыйзамды да, өзүн да сыйлаганда тартип орноп, кырсык азаят. Эстүү айдоочу өз өмүрүн да, башка адамдын өмүрүн да тобокелге салбайт.

Новости по дате