http://ktrk.kg/Маданий жана башка багыттагы байланышты күчтөндүрүүдө ММКнын ролу

Маданий жана башка багыттагы байланышты күчтөндүрүүдө ММКнын ролу

19 Апр , 22:27 262

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттер аралык мамилени чыңдоо, социалдык-экономикалык, маданий жана башка багыттагы байланышты күчтөндүрүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң. Бул тууралуу Ош шаарында өткөн кыргыз-орус медиа форумунда баса белгиленди. 


Эске салсак, бул өңдүү форум Ош шаарында биринчи ирет өтүп, анда бир столго чогулган эки мамлекеттин медиа өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу жана кызматташтыгы тууралуу кеңири талкуулашты. Кыргыз-орус медия форуму Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгына арналып уюштурулду. 


Максаты - Кыргызстан менен Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматташтыгын күчөтүү, маалымат таркатуудагы мейкиндикти жогорку деңгээлге көтөрүүгө багытталат. Иш-чарага Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу, Россиянын биринчи каналынын, "Россия-24" каналынын өкүлдөрү жана Кыргызстандын телеканалдары, маалымат агенттиктеринин жетекчилери катышты.


Форумдун катышуучулары кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен конкреттүү долбоорлордун ишке ашырылышында, алардын маалымат каражаттары аркылуу жетиштүү өлчөмдө чагылдырылышы жана заманбап медиа мейкандигин калыптардыруу тууралуу пленардык жана сессиялык отурумда талкуулашты. 




Новости по дате