http://ktrk.kg/Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылат

Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылат

22 Апр , 16:57 406

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнтөн тарта Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Таш кулатуу иштери 22-26-апрель күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131 жана 132-чакырымында жүрмөкчү.

Жол саат 9.00дөн 15.00гө чейин жабылат. 30-40 машина топтолуп калган учурда иш токтотулуп, унааларга жол берилет. Таш кулатуу иштери күндүз жана күн ачык маалда жүргүзүлөөрү айтылды.


Новости по дате