http://ktrk.kg/Тогуз жаштагы баланы сабап, унаа менен сүйрөткөн таякеси кармалды

Тогуз жаштагы баланы сабап, унаа менен сүйрөткөн таякеси кармалды

30 Апр , 13:22 930

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

9 жаштагы баланы сабап, унаа менен сүйрөткөн таякеси кармалды. Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, милицияга эркек киши баланы сабап жатканы тууралуу чакыруу 27-апрелде эртең менен саат сегизде түшкөн. Алтын-Казык конушуна Биринчи Май райондук милициянын ыкчам тобу барган. Анда 9 жаштагы баланы 33 жаштагы таякеси сабаганы аныкталган. 

Ал тестиерди колунан жип менен байлап, BMW үлгүсүндөгү унаасы менен бир нече метрге чейин сүйрөткөн, — деп айтылат маалыматта. Бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, сабалган баланын апасы Россияга иштегени кеткен. Атасы жок. Баласы туугандарынын колунда калган.

Новости по дате