http://ktrk.kg/Элдик репортер: Исфана шаарындагы каттоо кызматынын тейлөө сапаты начар

Элдик репортер: Исфана шаарындагы каттоо кызматынын тейлөө сапаты начар

30 Апр , 13:34 124

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Исфана шаарындагы элди кыйнап, түйшөлткөн көйгөйлөрдүн бири Каттоо кызматынын тейлөө сапаты. Мекеменин эшигин кайтарып, таң эрте барып кезеккке турса дагы, айрым учурларда жумалап барууга туура келет. "Элдик репортер" рубрикасына бир гана Исфана шаары эмес Кыргызстандын баардык аймактарынан ушул маселе боюнча кайрылгандар көп. Бирок каттоо кызматынын тейлөө сапаты эч жөнгө салынбай койду.

Кызматкерлердин кайрылган жарандарды жай тейлөөсүнөн кезек келгичекти жумуш күнү бүтүп, кийинки күнгө калган учурлар күнүгө катталат. Алыстан келип, ар кимдин үйүнө түнөп ушул бир документ үчүн жумалап жүрөбүз. Эмне үчүн өкмөт ушул нерсени чечип бере албай жатат?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате